15:40 4 ноября 2022

ОшМПУда тарыхчы Балтагул Нурунбетовдун 75 жылдыгы белгиленди

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде коомдук ишмер, илимпоз, тарых илимдеринин доктору, профессор Нурунбетов Балтагул Аттокуровичтин 75 жылдыгына арналган мааракелик салтанат жана эл аралык илимий конференция болуп өттү.

Конференция «Фергана өрөөнүнүн тарыхы азыркы изилдөөлөрдө» деп аталып, ага өлкөдөгү белдүү илимпоздор, жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, юбилярдын замандаштары, шакирттери, мугалимдер жана студенттер катышышты.

Иш-чараны расмий түрдө ректор Бекмурза Зулуев ачып, Балтагул Нурунбетовду мааракеси менен жамааттын атынан куттуктоо менен анын ишмердүүлүгү, басып өткөн өмүр-жолуна кыскача токтолду. Ошондой эле ректор бүгүн бүтүндөй адамзат коому үлгү тутар, кеменгер, даанышман инсандын мааракеси белгиленип жатканын баса белгиледи.

Салтанаттын алгачкы бөлүгү куттуктоо, сыйлык тапшыруу аземи менен коштолуп, мында профессор Накен Касиев, академик Мухаммед Мамасаидов баштаган сыйлуу коноктор, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, ЖКнын депутаты Нуржигит Кадырбеков, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев, эл мугалими Гапыр Мадаминов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайлардын ректорлору жана Ассамблея өкүлдөрү куттуктоолорун айтып өтүштү.

Ошондой эле Б.Нурунбетов өзү негиздеген «Манас», «Семетей», «Сейтек» жаш өспүрүмдөр уюму профессорду куттуктоо менен, уюмдун тартибине ылайык, эл алдында ант беришип, жаштар маршын аткарышты.

Иш-чара пленардык жыйын менен уланып, мында Каныбек Осмоналиев «Түрк дүйнөсүнүн жаңы стратегиясы» аталышында, профессор Турсунай Өмүрзакова «Фергана өрөөнүнүн тарыхы азыркы изилдөөлөрдө» деген темада баяндамаларын жасашты. Ал эми секциялык иштер 2 саатка созулуп, мыкты баяндамачыларга сертификаттар тапшырылды.

Конференция Ош мамлекеттик педагогикалык университети жана Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмү, Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институту менен биргеликте уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть