К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун илим жана инновация бөлүмүнүн башкы адиси Аида Турукбаева 2022-жылдын 1-4-ноябрында Нижний Новгород шаарындагы Н.И.Лобачевский атындагы Улуттук университеттин базасында өткөн КМШ өлкөлөрүндөгү жаш окумуштууларга арналган «Наука без границ» аттуу форумга катышып келди.
Аида Турукбаеванын «Креативдүү инсан» секциясында окуган баяндамасы 2-орунга жана 20 000 рубль акчалай сыйлыкка татыды.