16:06 9 ноября 2022

ОшТУ менен Ташкент химия-технологиялык институтунун ортосунда кызматташтык келишими түзүлдү

Өзбекстан мамлекетинин борбору Ташкент шаарында «Кесиптик билим берүүнү туруктуу өнүктүрүүнүн регионалдык аспекттери: көйгөйлөр жана келечек» деп аталган биринчи аймактык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Аталган иш-чаранын негизги максаты кесиптик билим берүүнү эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жана кызматташуу болуп саналат.

Конференцияга Германия, Австрия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын окумуштуулары, өндүрүш кызматкерлери, эксперттер жана иш берүүчүлөр катышып, Ош технологиялык университетинин Колдонмо илимдер институтунун директору, ОшТУнун профессору Урмат Аттокуров катышып келди. Мында жогорку жана орто кесиптик окуу жайларындагы кесиптик билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсүнүн көйгөйлөрү, келечеги жана колдонмо илимдер боюнча ар кандай маселелер козголуп, келечекте колдоого алына турган сунуш-пикирлер айтылды.

2 күнгө созулган иш-чаранын жыйынтыгында конференциянын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды. Илимий конференциянын алкагында Ош технологиялык университети менен Ташкент химия-технологиялык институтунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу тууралуу келишим түзүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть