Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин «Информатика, прогаммалоо жана байланыш» адистигинде окуган студенттердин ата-энелери менен окуу жай жамаатынын жолугушуусу болуп өттү.
Аталган иш-чара колледж тарабынан уюштурулуп, ага университеттин жетекчилиги, окутуучулар, ата-энелер жана студенттер катышты.
Алгач кафедра башчысы Меңди Арзыбаева тарабынан катышуучуларга жалпы университет жана колледж тууралуу маалымат берилди. Ата-энелер менен жакындан кызматташып, алардын пикирин угуу максатында уюштурулган саамалыкта билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана студенттин билим алуусуна таасир эткен факторлор — ата-эне, коом, чөйрө жана окутуучулар ортосунда билим берүүдөгү жана алуудагы бир топ маселелер боюнча кеңири талкуу жүрүп, ата-энелер, окутуучулар тарабынан ар тараптуу ой-пикир, сунуштар айтылды.
Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.