Ош технологиялык университетинде Гуманитардык-технологиялык колледжинин Жаштар комитети тарабынан кичи футбол оюну өткөрүлдү.
Бул спорттук оюндун өткөрүүнүн негизги максаты жаштар аралык ынтымакты, достукту бекемдөө, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу, дени сак жашоого үндөө болуп саналат.
Оюнга жалпысынан 16 команда катышып, университеттин дене тарбия кафедрасынын окутуучулары калыстык кылышты.
Жыйынтыгында 1-орунга « Статистика» командасы, 2-орунга Студенттер үйүнүн командасы, ал эми 3-орунга ПКС-1-21(9) тайпасы ээ болушту. Байгелүү орундарды камсыз кылган командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга дипломдор, грамоталар, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.