Фергана политехникалык институтунун «Электроника жана прибор куруу» багытынын студенттери Ош технологиялык университетинде академиялык программа боюнча окуп жатышат.
Мындан сырткары, ушул эле окуу жайдын илимпоз окутуучулары А.Калилов жана Ш.Жаркынбаев студенттерге лекция окуп, сабактарын өтүшүүдө.
Фергана политехникалык институтунан келген өкүлдөр университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышкан. Учурда Фергана политехникалык институтунун студенттери ОшТУнун студенттери менен биргеликте окуп жатышат.