18:07 10 ноября 2022

ОшТУда Илим күнүнө арналган илимий-практикалык семинар өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин жалпы жамааты тарабынан 10-ноябрь — Илим күнүнө арналган «Илим, билим берүү жана практиканын интеграциясы» деп аталган илимий-практикалык семинар өткөрүлдү.

Семинарда Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун башкы илимий кызматкери, э.и.д., профессор Калил Жуматаев лекция окуду.

Иш-чаранын негизги максаты бүгүнкү күндөгү кыргыз илиминин дүйнөлүк практикада колдонулушу боюнча болуп жаткан ар кандай маселелерди чечүү жана жаш илимпоздордун иштерин эл аралык илимий чөйрөгө алып чыгуу болуп саналат.

Семинарга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын, Экономика министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгынын жана УИАнын өкүлдөрү, Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларында эмгектенип жаткан илим изилдөөчүлөр, өндүрүштүк ишкананын өкүлдөрү жана экономика жана башкаруу факультетинин жалпы жамааты катышты.

Илимий семинардын жүрүшүндө илим изилдөөдөгү ар кандай маселелер, аларды чечүүнүн жолдору, илим изилдөөнүн жүрүшүнө арналган маалыматтар айтылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть