18:37 11 ноября 2022

ОшМУнун «Билим» лицейинин жаңы окуу корпусу ачылды

ОшМУнун «Билим» лицейи үчүн курулган окуу имаратынын ачылыш аземи өттү.

Саамалыкка билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, ата-энелер катышты.

«Окуу жайдын «Билим» лицейин көп угуп жүрөбүз. Билим уясынан тарбия алган окуучулардын «алтын сертификат» алгандыгы педагогикалык жамааттын жогорку ишмердүүлүгүн чагылдырып турат. Университеттин алдындагы мындай лицейлер башка ЖОЖдорго да үлгү болуш керек. Билим берип жаткан мугалимдерге, балдарына көмөк көрсөтүп жаткан ата-энелерге ыраазычылык билдирем. Илим күнүндө мындай окуу имараттын ачылып жатканы жакшы жышаан. Илимдүү, билимдүү балдар тарбиялансын», - деди министр Уланбек Мамбетакунов. Ошондой эле өзү ала келген математика боюнча олимпиадага даярдоо китептерин белекке тапшырды.

Жаңы окуу корпусу 3 кабаттан турат. Имаратта окуу кааналар, лабораториялар, жыйын залдары, гимнастика залдары, китепкана бар. Бардык окуу кааналар заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган.

ОшМУнун ички каражатынан каржыланган окуу корпусунун курулушу 2021-жылдын 15-июлунда башталган.

ОшМУнун «Билим» лицейи 2012-2013-окуу жылында ошол мезгилдеги окуу жайдын ректору, профессор Каныбек Исаковдун демилгеси менен ачылган. Учурда 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар мамлекеттик тил менен биргеликте чет тилдерин, гуманитардык, табигый, так илимдер боюнча тереңдетилген билим алышат. ЖРТга даярдоодон өтүшөт.

Бүгүнкү күндө лицейде 205 окуучу билим алат. Буга чейин лицейдин 2 бүтүрүүчүсү «алтын сертификаттын», 11 окуучусу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээлери болгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть