18:39 11 ноября 2022

ОшМПУда илимий көргөзмө уюштурулду

10-ноябрь — Илим күнүнө карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде илимий көргөзмө уюштурулду.

Көргөзмөдө окутуучулардын илимий эмгектери менен жакындан таанышуу, тажрыйба алмашуу, студенттердин илим тармагында маалыматка ээ болуу деңгээлин жогорулатуу максатында окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров, факультеттердин илимий иштерин жүргүзгөн окумуштуулар жана китепкана тарабынан уюштурулган.

Ар бир факультеттин окутуучуларынын окуу-усулдук жана илимий эмгектери, өз ийгиликтери, жетишкендиктери, китептери, сыйлыктары, илимий жана монографиялык изилдөөлөрү, жарык көргөн илимий макалалары стол үстүнө жайылды. Ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жамаат катышып, университетте жасалган эмгектер, китептер кыргыздын улуу мурасы, баалуу табериги экендигин белгиледи. Ошондой эле ректор жаштардын түбөлүгүн түздөгөн, руханий азык берген керемет иштердин көп болуусун айтып, илим чөйрөсүндө эмгектенген кызматкерлерди кызуу куттуктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть