18:20 14 ноября 2022

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде эл аралык конференция болду

Кыргыз-Өзбек эл аралык университети Тоолордун экосистемаларынын туруктуулугун жана климатты коргоо жылына карата «Экосистемалардын туруктуулугу жана климат: жаратылыш ресурстары жана адам ищмердиги» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Иш-чарага жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн илимпоздору, бийлик өкүлдөрү катышты.

Окуу жайдын маданий-эстетикалык комплексиндеги чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын тоо экосистемасын чагылдырган видеобаяндын көрсөтүлүшү аркылуу илимий-практикалык конференция пленардык жыйынын баштады. Ага улай эле Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев жана конференциянын ардактуу коноктору куттуктоо сөздөрүн айтышты. Пленардык жыйын үчүн даярдалган баяндамалар угулгандан кийин конференциянын катышуучулары секцияларга бөлүнүп иштешти.

Секциялык иштердеги баяндамалар окулуп, берилген суроолорго жооп алынды. Соңунда 13 пункттан турган резолюция кабыл алынып, илимий-практикалык конференция өз ишин жыйынтыктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть