16:51 15 ноября 2022

ОшТУга ӨКМ кызматкерлери келди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун жамааты Ош технологиялык университетине атайын иш сапар менен келди.

Университеттин ректору, доцент Ж.Турсунбаев менен жолугушуп, келечекте окуу жай менен аталган борбордун ортосундагы кызматташтык тууралуу маселелер каралды. Борбордун кызматкерлери «Жашоо-тиричилик коопсуздугу» кафедрасынын жалпы жамааты даярдап жаткан инженер-куткаруучу багыты боюнча материалдык-техникалык база менен таанышып чыгышты. Жашоо-тиричилик коопсуздугу багытында билим алып жаткан келечектеги инженер-куткаруучуларга бул кесип менен эмгек жолдорун улантып жаткан инженерлер бул кесиптин өзгөчөлүгүн, врачтар сыяктуу эле адам өмүрүн сактоо биринчи милдет экендигин белгилеп өтүштү. Эки тараптуу түзүлгөн келишимдерге ылайык, мындан ары өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар учурундагы талап кылынуучу жогорку квалификациялуу адистерди биргелешип даярдоо жолго коюлмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть