9:11 16 ноября 2022

ЫМУнун студенттеринин "Устукан-мобилдик тиркеме" аттуу долбоору байгелүү орунга ээ болду

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, Эл аралык инновациялык технологиялар университети, "Улут Софт" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан республикалык деңгээлде уюштурулган студенттер жана жаштар арасындагы "Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил" сынагына К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун физика-математикалык жана табийгый-техникалык факультетинин студенттеринен эки долбоор конкурска катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бүгүн иш-чара жыйынтыкталып, Б.Байболотовдун жетекчилигиндеги "Устукан-мобилдик тиркеме" долбоору байгелүү lll орунду ээлешти. Бул долбоорду ЫМУнун магистранты Исабеков Темирлан жана ПО-31 тайпасынын студенти Сабыров Ырыскелди коргошкон. Республика боюнча 14 ЖОЖдон 25 долбоор конкурска катышкан. Ал эми ага окутуучу М.Эркинбаевдин жетекчилигиндеги "Бабалар сөздөрү" долбоору ( атк. ПО-41тайпасынын студенттери Баженов Максим, Муратбеков Сыймык) кызыктыруучу сыйлыкка татыктуу болуп, сертификаттарга ээ болушту. Ийгиликтерди багынтып келген студенттерибизге мындан аркы иштерине да жигердүүлүктү каалайбыз.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть