16:52 17 ноября 2022

ОшМУда Иилим жана мугалимдер күнү белгиленди

ОшМУнун жамааты 15-ноябрда Ош улуттук драма театрында Илим жана мугалимдер күнүн салтанаттуу белгиледи.

Окуу жайдын Кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулган майрамдык кече «Мугалим — билим ачкычы, профсоюз — эмгек сакчысы» деп аталып, концерттик программа менен коштолду.

Салтанатты ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерин куттуктады.

«Мугалимдердин улуу милдети — келечек ээлерин тарбиялоо. Жан дүйнөгө билим үрөөнүн сээп, эртеңки муунга заманбап билим менен улуттук нарк-насилди жуурулуштуруп, бийик духу, тунук акылы, адамдык сапаты менен айырмаланган мекенчил кадрларды тарбиялайт деп терең ишенем», -деди ректор. Ошондой эле ал окуу жайда аткарылып жаткан иштер, алдыга койгон максаттар боюнча маалымат берди.

Майрамдык иш-чаранын алкагында университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы», «Илимдин мыктысы» төш белгилери, ардак грамотасы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Ош шаардык мэриясынын, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, ОшМУнун жана Бириккен профсоюздар уюмунун ардак грамоталары жана окуу жайдын «ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери» төш белгиси, ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыш жарыяланды.

Салтанаттын жүрүшүндө Илим күнүнө карата 2021-2022-жылдарында жарык көргөн эмгектери үчүн өткөрүлгөн «Мыкты окуу жана илимий эмгек» сынагынын жеңүүчүлөрүнө диплом, сертификат жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Илим күнүнө карата 2021-жылдын ноябрь айынан 2022-жылдын ноябрь айына чейин кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргогон окутуучуларга дипломдор берилди. Ошондой эле «Илимий жетишкендиктер» аттуу көргөзмөнүн жыйынтыгы чыгарылып, «Мыкты инновациялык долбоор», «Мыкты ойлоп табуучулук», «Мыкты кыргыз тилинде даярдалган окуу китептеринин топтому» номинациларынын жеңүүчүлөрү сыйланды. «Илимий жетишкендиктер» аттуу көргөзмөдө жеңишке жеткен студенттерге да дипломдор тапшырылды.

Салтанаттын жүрүшүндө ардактуу кесип ээлерине окуу жайдын Кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаровдун жетекчилигинде факультеттин, колледждердин, структуралардын профбюро төрагалары, төрайымдары ыр-күлкү тартуулашты.

Өткөн окуу жылында ОшМУнун студенттик коомчулук менне иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкованын жетекчилигинде факультеттердеги декандардын тарбия иштери боюнча орун басарлары демилге көтөрүп, жалпы жамаатка «Кел жигиттер, кел кыздар» аттуу ыр-күлкү майрамын тартуулашкан. Бул иш-чараны салтка айландыруу максатында окуу жайдын Кесиптик бирлигине өткөрүп беришкен эле.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть