17:30 17 ноября 2022

Өзбекстандын Жаштар ассоциациясынын төрагасынын орун басары ОшТУда болду

17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата Өзбекстандын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассоциациясынын төрагасынын орун басары, Жаштар ассоциациясынын биринчи катчысы жана Жаштар ассоциациясынын Кыргызстандагы өкүлү Ош технологиялык университетинин жетекчилиги, Жаштар комитетинин өкүлдөрү жана чет элдик студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун негизги максаты Өзбекстан мамлекетинен келип, окуп жаткан студенттердин арасында болуп жаткан ар кандай маселелерди талкуулап, алардын Кыргызстанда билим алуусуна талапка ылайык шарттарды түзүү жана эки мамлекеттин ортосундагы байланышты чыңдап, эл аралык билим берүүдө биргелешип аракет кылуу болуп саналат.

Мындан сырткары, Өзбекстандан келген делегация Ош шаарындагы чет элдик студенттерге коюлган мүмкүнчүлүктөр, алар туш болуп жаткан ар кандай көйгөйлүү маселелер, аларды эки тараптуу биргелешип чечүү, жаштарга байланышкан ар кандай иш-чараларды биргелешип уюштуруу керектигин билдиришти. Өз кезегинде ОшТУда билим алып жаткан өзбекстандык студенттер билим берүү шарттары, окуу процесси, жашоо жагдайлары тууралуу маалыматтарды беришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть