16:44 17 ноября 2022

ОшМПУнун студенттери эл аралык сынакта сыйлыкка татыды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев Казакстанда өткөн сынакта байгелүү орундарга ээ болгон окуу жайдын 5 студентин куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

10-ноябрь күнү Алматы шаарында Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети менен Педагогика жана психология институту тарабынан «Менин кесибим — мугалим» деген темада 7-Эл аралык эссе сынагы уюштурулган. Сынакка жалпы 60тан ашуун студент катышып, катарында ОшМПУнун 1-курсунун 5 студенти 2-3-орундарды багындырышты.

Абдылда кызы Айзадабегим жана Галдыбай кызы Нуриза 2-орунга ээ болушса, Жусупова Нурзаада, Маткасымова Муштари, Мисирова Нурай 3-орунду камсыздашкан.

Иш-чара студенттердин педагогикалык билимин жайылтуу, кесиптик жөндөмдүүлүгүн жана даярдоо сапатын аныктоо, алардын талантын, педагогикалык жана чыгармачылык потенциалын ачуу максатында уюштурулуп, мында дилбаяндар казак, орус, англис тилдеринде гана кабыл алынган.

Жобого ылайык, сынакка «Башталгыч билим берүү», «Мектепке чейинки билим берүү», «Атайын педагогика», «Педагогика жана психология» адистиктеринин 1-курсунун студенттери гана катышкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть