18:51 18 ноября 2022

ОшТУда «Кытай иероглифтери» сынагы өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде Эл аралык билим берүү департаментинин Кытай борборунда билим алып жаткан студенттер жана мектеп окуучуларынын катышуусунда «Кытай иероглифтери» деп аталган сынак өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты чет тилин үйрөнүүнү каалаган жаштарга тилди өздөштүрүүдө мыкты шарттарды тузүү жана аларды келечекте өз элинин патриоту болууга шыктандыруу болуп саналат.

Сынактын шартына ылайык, кытай тилин үйрөнүп жаткан жаштар кытай тилинде көрүнүштөрдү чагылдырышты.

Сынакка Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Турсунбаев, Ош шаарындагы Конфуций институтунун директору Ван Чже, студенттер жана башка окуу жайдан чакырылган өкүлдөр катышты.

Жыйынтыгында ОшТУнун студенттери жеңишке жетип, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть