18:56 18 ноября 2022

Конфуций институтунун өкүлдөрү ОшТУда болушту

Ош шаарындагы Конфуций институтунун Кытай тарабынан директору Ван Чже Ош технологиялык университетинде болду.

Университеттин ректору, доцент Ж.Турсунбаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар тууралуу сүйлөшүлдү.

Ван Чженин билдирүүсүнө караганда, Конфуций институту Кытай Эл Республикасынын бир канча жогорку окуу жайлары менен келишим түзүп, Кыргызстан жарандарынын ал жакта билим алуусуна шарт түзүлмөкчү.

Кытай мамлекетинен билим алуу үчүн ар бир каалоочу биринчи кезекте тил үйрөнүүсү керек. Бул үчүн Конфуций институтунда мыкты шарттар каралган. ОшТУ техникалык жана технологиялык багыттагы адистерди даярдагандыктан, студенттер академиялык мобилдүүлүк боюнча Кытай мамлекетинен өздөрүнүн багыттары боюнча билимдерин улантууга мүмкүнчүлүк алышат.

Тажрыйба алмашуу максатында магистранттар, докторанттар жана жалпы эле профессордук-окутуучулук курам үчүн дагы бир нече долбоорлор иштелип чыккан. Бул долбоорлорго ылайык, мындан ары ОшТУ менен Кытай мамлекетинин жогорку окуу жайларынын ортосунда билим берүү максатында иштер аткарылмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть