18:12 18 ноября 2022

ОшМПУда Студенттер күнү белгиленди

17-ноябрь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Студенттер күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.

Ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, окутуучулар жана студенттер катышып, таланттуу студенттердин чыгармачылык кечесине жана сыйлоо аземине күбө болушту.

Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө студенттик күндөрдү чагылдырган видеоролик, поэзия мүнөттөрү тартууланып, акындар ыр төгүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.

Аны улай ректор сөзгө чыгып, жалпы студенттерди майрамы менен куттуктады. «Бир келген студенттик мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ар тараптуу өнүккүлө. Республикалык, эл аралык сынактарга байма-бай катышып, ийгиликтерди жаратып калгыла. Ал үчүн биз болгон шартты түзүп берүүгө даярбыз. Сиздер мугалим деген улуу кесиптин ээси болосуздар. Ошондуктан тандаган кесибиңиздерди сүйүп, чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышыңыздарга тилекетешмин», - деди ректор.

Бул менен бирге окууда, шаардык, эл аралык сынактарда, спорт жаатында, коомдук-маданий иштерде ийгилик жараткан жигердүү студенттерге окуу жай тарабынан диплом, ардак грамота, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Салтка айланган «Жылдын мыкты студенти-2022» номинациясынын ээлерине жана 5000 сом өлчөмүндөгү Т.Абжалов атындагы стипендия тарых адистигинин 2 студентине ыйгарылды.

Жыйынтыгында бүтүрүүчү курстун студенттери 1-курстун студенттерине зачеттук китепчени жана студенттик ачкычты официалдуу түрдө тапшырып, алардын окууларына, студенттик сапарына ийгиликтерди каалап өтүштү.

Иш-чара окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, майрамды утурлай сүрөт тартуу жана китеп окуу сынактары өткөрүлгөн. Жеңүүчүлөр кечеде сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть