18:24 18 ноября 2022

КМУда чет тил мугалимдеринин методикалык семинары өттү

18-ноябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институту тарабынан И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата уюштурулган «Заманбап баскычта чет тилдерин окутуудагы негизги кыйынчылыктар жана аларды чечүүнүн жолдору» аталышында чет тил мугалимдеринин методикалык семинары өттү.

Аталган семинардын ачылышына билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева катышып, азыркы глобалдаштыруу мезгилинде чет тилдер мугалимдеринин ролу маанилүү экендигин белгилеп, англис тилинде баарлашышты.

Семинардын максаты чет тилин окутууда студенттердин сүйлөө көндүмүн заманбап инновациялык технологияларды колдонуу менен өнүктүрүүгө багытталган методикалык ыкмалар жана көнүгүүлөр менен чет тили мугалимдерин (жаш адистерди) тааныштыруу жана студенттерге чет тилинде сүйлөөнү үйрөтүүнүн натыйжалуулугуна таасир этүүчү факторлорду аныктоо болуп саналат.

Чет тилдер мугалимдерине арналган методикалык семинарга №5, №68, №73, №87, №94, №96 орто мектеринин жана колледждердин мугалимдери, ошондой эле И.Арабаев атындагы КМУнун башка структураларынан окутуучулар катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть