Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин 3-курсунун студенти Адил уулу Алтынбек Ош шаардык балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин күрөштүн самбо түрү боюнча ачык биринчилигинде 98 кг салмакта 1-орунга ээ болду.
Оор салмакта күч сынашкан балбан самбо күрөшү боюнча буга чейин дагы бир нече жолу шаардык, республикалык мелдештерде жеңишке жетишкен.