8:55 23 ноября 2022

ОшТУнун студенти катышкан команда республикалык сынакта жеңүүчү болду

Бишкек шаарында программисттер арасында өткөрүлгөн сынакта Ош шаарынан барган студенттер командасы жеңишке жетишти.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик коом» долбоорунун алкагында «Мейкатон 2022» деп аталган сынакка Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардагы программалоо багытында билим алып жаткан студенттерден куралган топ катышты.

Студенттик топту ОшМУнун математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин окутуучулары жетектеп барышты.

ОшТУдан киберентика жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенти Азаматов Арген команданын арасында болуп, алар менен биргеликте сынактын шартына ылайык, балдардын жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу жана ыңгайлаштырууга ылайыкташкан программа жасап чыгышты.

Сынакта өлкөнүн бардык аймактарынан барган 9 команда ат салышты. Ал эми сынактын жыйынтыгында Ош шаарынан барган команда 1-орунду багындырып, акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть