14:57 25 ноября 2022

ОшТУда Эконмика жана башкаруу факультетинин күнү белгиленди

Ош технологиялык университетинде ноябрь айынын акыркы жума күнү Экономика жана башкаруу факультетинин күнү деп белгиленген.

Бул күндүн урматына арналган майрамдык салтанат өткөрүлүп, иш-чарага факультеттин жалпы жамааты, андагы багыттар боюнча билим алып жаткан студенттер жана сырттан чакырылган коноктор катышышты.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө факультеттин жетекчилиги тарабынан куттуктоолор айтылып, окууда жана факультеттин коомдук турмушунда мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттерге ардак грамоталар менен белектер тапшырылды.

Буга чейин Экономика жана башкаруу факультетин бүтүрүп, учурда өндүрүштө эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр дагы катышып, бүгүнкү күндөгү экономист адистеринин орду, өндүрүштөгү аткарган кызматтары тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.

Мындан сырткары, факультетке келген 1-курстарды кабыл алуу жөрөлгөсү болуп, аларга билимдин символу болгон ачкыч жана зачеттук китепченин үлгүсү тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть