12:58 29 ноября 2022

ОшМПУда окуу жайдын гимнинин автору Баяман Сагынбаевдин 75 жылдыгына арналган салтанат өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 28-ноябрда СССРдин Крупская атындагы сыйлыгынын лоуреаты, ОшМПУнун эмгек сиңирген кызматкери, окуу жайдын гимнинин автору, доцент Баяман Сагынбаевдин 75 жылдык мааракесине арналган салтанат болуп өттү.

Иш-чара университеттин чоң залында болуп, ага юбилярдын замандаштары, санаалаш достору, кесиптештери, шакирттери жана студенттер катышты. Мында алгач каармандын өмүр жолун баяндаган тасма көрсөтүлүп, катышуучуларга классикалык жанрда чыгармалар тартууланды.

Бул кечеде хормейстер Баяман Сагынбаевдин автордук обондору ырдалып, анын дирижёрлугунда хор чыгармалар аткарылды. Окуу жайдын өнүүгүсүнө талыкпай салым кошуп, эң мыкты шакирттерди тарбиялап чыккандыгы үчүн университеттин ректору Бекмурза Зулуев агайды атайын белек менен сыйлады.

«Баяман агай — эң мыкты устат, жөнөкөй инсан. Агайдын окуткан студенттери, шакирттери бүгүнкү күндө ийгиликтин бийик тепкичтерине чыгууда. Биздин окуу жайда дал ушундай тажрыйбалуу, кадырлуу устатыбыз бар экенине сыймыктанабыз. Агайыбызга бекем ден соолук, бактылуу карылык жана бакубат жашоо каалайбыз», - деп билдирди Бекмурза Зулуев.

Аталган салтанат Баяман Сагынбаевдин басып өткөн өрнөктүү өмүр жолун, чыгармачылыгын даңазалоо, эмгектерин кийинки муунга жайылтуу максатында музыкалык билим берүү жана психология кафедрасынын демилгеси менен уюштурулду.

Сагынбаев Баяман Калыгулович 1947-жылы 20-мартта Талас облусунун азыркы Бакай-Ата районунун Маданият айылында чарба кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Эмгек жолунда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 23 жыл музыкалык бөлүмдү башкарып, 5 жыл кафедраны жетектеп, учурда «Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу» кафедрасынын доценти катары жигердүү кызмат өтөп келүүдө. Ал үй-бүлөдө 1 кыз жана 5 уулдун сүйүктүү атасы, 7 неберенин мээримдүү чон атасы.

Баяман Сагынбаев — СССРдин Билим жана илим мамлекеттик комитетинин Н.Крупская атындагы сыйлыгынын ээси.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть