18:31 29 ноября 2022

Министр Уланбек Мамбетакунов ОшМПУнун жамааты менен жолугушту

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов иш сапары менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болуп, жамаат менен жолугушту.

Жолугушууда министр алгач билим берүу тармагында аткарылып жаткан иш-аракеттерге токтолду. Ошондой эле өкмөт тарабынан педагогикалык багыттагы адистиктердин, мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, анын үстүндө кызуу иштер жүрүп жатканын баса белгиледи. Ошол кадамдардын негизинде ОшМПУнун профессордук-окутуучулар курамы менен пикир алмашып, сунуштарын укканы келгенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, суроо-жооп менен коштолду.

Министрдин иш сапары Баткен облусунда уланып, андагы билим берүү мекемелери менен танышмакчы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть