15:30 1 декабря 2022

Кыргыз-Өзбек университетинде аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу багытында форум өттү

30-ноябрь күнү милициянын генерал-майору Жапар Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун Оштогу филиалы менен Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин юридика-бажы факультети «Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу» аталышында биргелешкен форум өткөрдү.

Иш-чарага аталган окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана курсанттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Оштогу жогорку окуу жайлардан жана укук коргоо органдарынан атайын чакырылган коноктор катышты.

Форумду университеттин окуу иштери бооюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Топчубай Исаков ачып, куттуктоо сөзүн айтты. Андан соң атайын чакырылган коноктор аялдардын жана балдардын укугунун корголушундагы бүгүнкү көйгөйлөр боюнча ойлорун ортого салды.

Иш-чаранын жүрүшүндө юридика-бажы факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөева «Аял укугу — адам укугу: учурдагы көйгөйлөр» деген темада баяндама жасады. Ага улай эле Жапар Шабиров атындагы окуу борборунун Оштогу филиалынын начальнигинин орун басары, милициянын капитаны Жаныбек Бекташев «Балдар укугун коргоо жана азыркы абал» аталышында баяндамага чыкты.

Катышуучулар өткөрүлүп жаткан иш-чара коомдун талылуу маселесин көтөрүп чыккан орчундуу иш-чара экендигин белгилешти. Суроо-жооп, кызуу талкуу менен форум жыйынтыкталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть