21:31 12 декабря 2022

ОшМПУда Адабият күнүнө карата Айтматов эскерилди

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Улуттук адабият күнүн утурлай салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Саамалык мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата айлыктын алкагында жана Улуттук адабият күнүнө карата уюштурулуп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармаларына саякат жасаган ролик коюлуп, студенттер тарабынан сахналык көрүнүш көрсөтүлүп, чыгармалар аткарылды. Аны улай окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча башкы адиси Бектурали Исамдин уулу «Ашымдан тоолор кулаганга чейин» аталышында Айтматовдун бардык чыгармаларын талдоого алган кызыктуу баяндама жасады.

Мындан сырткары, китепкөй окурмандарга жана өздүк китепканасын байыткан катышуучуларга өзгөчө белектер берилип, лотерея ойнотулду.

Соңунда студенттер арасында уюштурулган автордук ыр жана дилбаян жазуу сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланып, дипломдор тапшырылды.

«Айтматовдун чыгармаларын бүгүнкү күндө кыргыз эле эмес, дүйнө жүзү издеп, которуп, окуп жатышат. Ошондуктан бүгүнкү жаштар адабиятка кайдыгер карабай, анын окурманына айланышыңар абзел. Анткени Айтматов бүгүнкү күндөгү орчундуу көйгөйлөрдү эбак эле көрө билип, аны жазып койгон», - деди ректор Бекмурза Зулуев.

Иш-чара окуу жайдын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору, Жаштар комитети жана китепканасы тарабынан уюштурулган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть