9:48 12 декабря 2022

ОшМУнун профессору Николай Мурадымовдун 80 жылдык мааракеси белгиленди

ОшМУнун орус филологиясы факультетинде адабиятчы, педагог-насаатчы, дүйнөлүк адабият кафедрасынын профессору Николай Мурадымовдун 80 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Мааракелик форумга илимий иштер боюнча проректор Руслан Арапбаев катышып, ОшМУнун ректорунун атынан куттуктоо сөзүн айтты. Ошондой эле илимпоздор, кесиптештери, Ош облусундагы мектептерден мугалимдер, жазуучулар, интеллигенциянын чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Коноктор агайдын басып өткөн бай жана маңыздуу өмүр жолуна токтолушуп, анын илимий эмгектерин, жаш муундарды тарбиялоого, орус тили жана адабияты боюнча жогорку квалификациялуу мугалимдерди даярдоого кошкон жарым кылымдык салымын белгилешти.

Спектаклдер, концерттик программалар менен коштолуп, орус адабиятынан алынган чыгармалардан театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолду.

Николай Мурадымов орус филологиясы факультетинде 1970-жылдан бери эмгектенип келет. 150дөн ашык илимий жана публицистикалык макалалардын жана 5 методикалык, окуу куралдарынын автору. Көп жылдык үзүрлүү ишмердүүлүгү үчүн ОшМУнун, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган, «СССР эл агартуусунун отличниги», «ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери» деген наамдарга ээ.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть