21:23 12 декабря 2022

ОшМУнун кызматкерлери Воронеж мамлекеттик медициналык университетинде илимий-практикалык стажировкада болушту

ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин окутуучулары Лазокатхан Джумаева, Назгул Ташматова жана Уулкан Манас кызы Н.Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университетине кызматташуу келишиминин алкагында барып келишти.

Алар «Илимий долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында үлгүлөрдү даярдоо, гистологиялык техника жана микропрепараттардын анализи» аттуу илимий-практикалык тажрыйба алмашуудан өтүштү. Илимий-практикалык стажировкада гистохимиялык, иммуногистохимиялык ыкмалар менен кесүү жана боёодон микроскопия стадиясына чейин гистологиялык микропрепараттарды даярдоо боюнча теориялык билимдерге ээ болушту. Ошондой эле Маста клеткасынын секретомуна жана тутумдаштыргыч ткандын абалын баалоону заманбап ыкма менен текшерүү боюнча тажрыйбаларды өздөштүрүштү.

Коноктор университеттин ректору Игорь Эсауленко, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы М.Кузнецова менен жолугуп, тараптардын мындан аркы кызматташуусун талкуулашты. Ошондой эле Н.Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университетинин кызматкерлери да ОшМУга келип, тажрыйба алмашуусу пландаштырылды.

Воронеж мамлекеттик медициналык университетинин ректору Игорь Эсауленко өз кезегинде ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековго кызматташуусу үчүн ыраазылык билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть