17:52 13 декабря 2022

ОшМУда Москва мамлекеттик геодезия жана картография университети менен кош дипломдуулук ишке ашат

Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин эл аралык иштер боюнча проректору Светлана Шведова, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, «Чек арасыз билим» академиялык мобилдүүлүк платформасынын түзүүчүсү жана долбоорунун координатору Инна Пономарева, Геодезисттердин эл аралык ассоциациясынын мүчөсү, профессор Владимир Голубев, картография факультетинин деканы Глеб Загребин ОшМУга иш сапары менен келишти.

Окуу жайда өткөн жыйында делегацияны ОшМУнун дистанттык билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, орто кесиптик билим берүү уюмдары менен иштөө боюнча проректору Тажимамат Эркебаев, структура жетекчилери, табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин окутуучулары менен жолукту.

Жыйында Светлана Шведова КМШга мүчө мамлекеттердин тармактык университетинин геодезия, картография, кадастр жана жерди аралыктан изилдөө чөйрөсүндө кадрларды даярдоого багытталган долбоору менен тааныштырды. Ошондой эле ОшМУ менен Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин тармактык университетини түзүү, бул долбоордун алкагында ОшМУнун колдонмо гоедезия адистиги менен биргелешкен билим берүү программасын ишке ашыруу, кош дипломдуу билим берүү маселерин талкуулашты. Эки окуу жай ортосунда академиялык мобилдүүлүк, професордук-окутуучулар ортосунда илимий, билим берүү багытында кызматташуу, биргелешкен конференцияларды өткөрүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багытында сүйлөшүүлөр болду.

«Делегация иш сапардын алкагында Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин профессордук-окутуучулук курамына, студенттерге, магистрлерге жана аспиранттарга мейкиндик маалыматтарды колдонуу жаатындагы актуалдуу изилдөөлөр боюнча лекция окушат. Колдономо геодезия адиситигинин окуу пландарын координациялоо боюнча жумушчу кеңешмеге катышат. Студенттер, жана ата-энелер менен жолугат. Бул долбоорду ишке ашыруу үстүндө бир топ маселелер талкууланды. Келишимдерге кол коюлса кийинки окуу жылынан кош дипломдуу билим берүү программасы кирип, колдономо геодезия адистигинде окуп жаткан студенттер эки университеттин дипломдорун алууга мүмкүнчүлүк алышат. Андан сырткары илимий практикалык лабораторияларды түзүү, аспиранантура, докторантура, магистратура боюнча инновациялык долбоорлорду биргеликте аткаруу боюнча да аракеттер көрүлүүдө», - деди табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин колдонмо геодезия боюнча программа жетекчиси, долбоордун координатору Динара Абжапарова.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть