ЫМУнун колледжинде мугалимдик кесипке арналган бир айлык жыйынтыкталды.
Айлыктын алкагында ЫМУнун доценти, драматург Кыял Асаналиева «Мугалимдин сүйлөө кеби», ага окутуучу, КМШнын «Мыкты педагог-2022» сыйлыгынын ээси Бапа кызы Айнура «Математиканы окутуунун заманбап ыкмалары», тренер Малдыбекова Бермет «Арт-терапия жана баланын эмоционалдык абалын диагностикалоо, оңдоо үчүн сүрөт тестинин мүмкүнчүлүктөрү», Каракол шаарынын №3 мектебинин мугалими Алиева Гүлзат «Англис тилин үйрөтүүнүн заманбап ыкмалары», №1 мектептин мугалими Коновалова Татьяна «Окуу керемет» долбоорунун негизинде «Ложь огромная как слон» деген темаларда ар түрдүү методикалык багытта семинар, мастер-класс, тренингдерди өтүп беришти.
Иш-чаранын модераторлору — колледждин окутуучулары А.Түргөнбаева, З.Турдукеева, Абдырай кызы Нурзада.