19:57 19 декабря 2022

ЫМУда Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата республикалык конференция болуп ѳттү

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинде 14-декабрда «Ишеналы Арабаев: баа жеткис эмгек, унутулгус ѳмүр» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп ѳттү.

Конференциянын максаты — кыргыз интеллигенциясынын билим берүү, маданият, тарых, саясат таануу жаатындагы эң кѳрүнүктүү инсан И.Арабаевдин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптѳлүшүнѳ кошкон эбегейсиз зор салымы, агартуучулук тармакта алгачкылардан болуп жазган «Алиппенин» автору кыргыз элине арнаган ѳмүрүн, баа жеткис эмгегин эскерүү, талкуулоо, алардын ролун жана маанисин жаш муундарга тааныштыруу, Арабаевдин эмгектери жана алардын мааниси, ѳмүр жолу боюнча изилдѳѳлѳрдү жүргүзүүгѳ жол салуу, жаш муундарды үндѳѳ болду.

Конференцияга катышууга Улуттук илимдер академиясынан, Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынан, И.Арабаев атындагы КМУнун илимпоздору, КР президентинин Ысык-Кѳл областындагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн ѳкүлдѳрү, кесиптик жана орто билим берүү мекемелеринин ѳкүлдѳрү, жаш окумуштуулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттер катышышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть