19:40 19 декабря 2022

ОшТУнун студенттери эл аралык сынакта жеңишке жетишти

ОшТУнун «Бизнести башкаруу жана социалдык иштер» багытынын студенттери Түштүк Урал мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган эл аралык сынакта 1-орунга ээ болушту.

Аталган сынак «Твой мир – твой проект» («Сенин дүйнөң – сенин долбооруң») деп аталып, КМШга мүчө мамлекеттерден 58 жогорку окуу жайдын студенттеринен куралган командалар катышты. 

ОшТУнун студенттери «Дом студента» долбоорун жазышып, сынакка 2 тур менен сунуш кылышты. 2 турдун жыйынтыгы менен сынакка кабыл алынып, Россиянын Челябинск шаарындагы Түштүк Урал мамлекеттик университетинде өткөн жыйынтыктоочу турунда 58 долбоордун ичинен «Проект и его презентация» номинациясы боюнча 1-орунга ээ болушту.

Команданын жетекчиси — «Бизнести башкаруу жана социалдык иш» кафедрасынын доценти Кожомбердиева Насипахон, ал эми команданын капитаны — УБ-1-21 тайпасынын студенти Назаркулова Айзирек.

Жеңишке жеткен студенттерди ректор Ж.Турсунбаев кабыл алып, мындан аркы окууларына ийгилик каалап, окуу жайдын намысын коргоодо ар дайым чоң жетишкендиктердин ээси болушуна тилектештигин билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть