15:51 22 декабря 2022

«Самарканд-2020» III эл аралык олимпиадасында ОшМУнун студенттери жеңишке жетишти

Самарканд мамлекеттик медициналык институтунун демилгеси менен медицина факультетинин студенттеринин «Самарканд-2020» III эл аралык олимпиадасы өттү.

Аталган эл аралык олимпиадага ОшМУнун медицина факультетинин «Гистология жана патанатомия» кафедрасынын башчысы Суйнали Шатманов баштаган делегациянын курамында аталган кафедранын доценти Абсамат Саттаров, улук окутуучу Гүлай Жолдошева, «Табигый илимдер дисциплиналар» кафедрасынын доценти Жыпаргүл Жээнтаева, №2 «Ички оорулар» кафедрасынын окутуучусу Фатима Исмаилова жана 11 студент катышты.

Самарканд шаарында өткөрүлгөн медициналык ЖОЖдор аралык студенттик олимпиадада студенттер медицина багыты боюнча 35 предметтен билимин сынашты. ОшМУнун медицина факультетинин атынан катышкан студенттердин арасынан Курманбек уулу Эмир 1-орунду, Мирсултан Ракыпов 2-орунду, Маматибраим уулу Эрмек, Токтосун кызы Нуриза, Айбек уулу Бекислам, Эркин кызы Айтолкун 3-орунду ээлешти. Ал эми команданын видеоролиги да жалпы командалалар арасында 1-орунду багындырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть