16:27 22 декабря 2022

КРнын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов ОшМУда болду

ОшМУнун тарых факультетинин демилгеси менен «Магистранттардын, студенттердин өз алдынча билим алуусундагы акыл эмгегинин маданиятынын негизинде уюштуруу» аттуу аймактык практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, тарых факультетинин деканы Сабыр Арстанов баштаган профессордук-окутуучулук курам, педагогика кафедрасынын башчысы Гүлмира Жутанова, магистранттар, студенттер катышты.

Конференциянын негизги коногу — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов «Тарыхты окуп-үйрөнүүдөгү акыл эмгегинин маданияты методологиясын пайдалануу» деген темада баяндама жасады.

«Мен 25 жыл аралыгында «Эмне үчүн азыркы балдар китеп окугусу келбейт?», «Биз тынбай сабак, тарбиялык саттарды өтөбүз, бирок эмне үчүн көздөрү жанып турган окуучу, студент жок?», «Эмне үчүн ата-эне балдарынын билимине кайдыгер?» деген 3 суроого жооп издеп, эксперимент жүргүздүм. Дал ушул 3 суроого «Акыл эмгегинин маданияты», «Устаттык өнөрү», «Ата-энелер, сиздер үчүн» деген 3 китеп жаздым. Учурда бул китептер орус, англис, түрк окумуштууларынын сунуштары менен аталган тилдерге которулуп, пайдаланылууда.

Акыл эмгегинин маданияты сабагы бул — балдарды билим алууга үйрөтө турган сабак. Азыр биз маалымат доорунда жашап жаткандыктан, маалымат ушунчалык көп, балдардын башына анын баары батпайт. Ошол үчүн алардын окугусу келбейт. Биздин методика — ошол чоң маалыматтын негизгисин бөлүп алып, ток этерин алып, үйрөтө турган ыкма. Бул 100 бетти 10 бет, 10 бетти 1 бет, 1 бетти 1 абзац, 1 абзацты 1 сүйлөм кылып коюшту үйрөтөт. Ошондо балага билим алуу жеңил, ыкчам болот», - дейт устат Гапыр Мадаминов.

Суроолорго жооп берип жатып, дүйнөлүк тажрыйбадан сөзсүз үйрөнүү керектигин, бирок биз жалаң гана чет өлкөлүк методикаларды алып, өзүбүздөн чыккан жаңылыктарга маани бербесек болбой турганын айтты. Бир батыштын методикасы берилсе, бир кыргыздын, чыгыштын өзүнүн дагы методикасы айтылсын. Бир дүйнөлүк улуу инсан айтылса, аны менен катарлаш бир өзүбүздүн дагы улуу инсан окутулсун. Бардык эле нерсе чет жактан келип, ошол жактагылардын айткандарын гана сонун, туура дей берсек, өсүп келе жаткан муунда толук кандуу эмес улут катары комплекс пайда болот. Ошон үчүн кыргыздын өзүнүн чыгаандары, мектептери, педагогдору, окумуштуулары, ойлоп табуучуларын алып чыгып, элге таанытуу маанилүү маселелердин бири экендигин белгилейт.

17-18-декабрда Бишкек шаарында алгачкы жолу өткөн «Улуттук нарк — улуттун жүзү» аталышындагы тарбия иштери боюнча республикалык форумда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов «Акыл эмгегинин маданияты» сабагын өлкөбүздүгө бардык орто жана жогорку окуу жайларга киргизишибиз керек деген сунушун айткандыгын кошумчалады.

Учурда бул предмет тарых факультетинде 2020-2021-жылдан тартып тандоо сабагы катары киргизилген. Конференциянын алкагында тарых факультетинин магистратура бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Жумашова «Тарыхты оку-үйрөнүүдөгү негизги маселеле» деген аталыштагы баяндама жасады.

Окутуучулар, студенттер, магистранттар суроолорун берип, сунуш-пикирлер айтылып, талкуу орун алды. Аталган конференция тарых факультетинин магистратура бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Жумашова тарабынан уюштурулган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть