19:10 4 января 2023

ОшТУда Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган илимий форум өткөрүлдү

Кыргыз элинин тарыхында өчпөс из калтырып, кийинки урпактар үчүн эбегейсиз эмгек жасаган залкар инсандарыбыздын катарын белгилүү мамлекеттик ишмер, алгачкы агартуучу Ишеналы Арабаев толуктайт. ОшТУнун Коомдук илимдер кафедрасы тарабынан бул улуу инсандын 140 жылдык мааракесине арналган «XX кылымдын башындагы кыргыз мамлекеттүүлүгү жана агартуучулук» деп аталган илимий форум өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага илимпоздор, илим жолун жаңыдан баштап жаткан аспиранттар, илим изилдөөчүлөр жана сырттан чакырылган коноктор катышышты. Окуу жайдын ректору Ж.Турсунбаев сөз сүйлөп, Ишеналы Арабаевдин кыргыз илиминин түптөлүшүндөгү ордун, анын басып өткөн жолун белгиледи.

Өлкөдөгү илимпоздордун башын бириктирген окумуштуу-илимпоздордун форуму секцияларга бөлүнүп өз ишин улантты. Мында кыргыз тарыхындагы коомдук-саясий өзгөрүүлөр, тарыхый инсандар, кыргыз ммлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү, билим берүүсүнүн калыптанышына арналган 40ка жакын илимий баяндамалар окулду. Илимий форумдун жыйынтыкталышы менен бул илимий иш-чарага катышып, илимий баяндама жасаган илимпоздорго университеттин ректору Ж.Турсунбаев тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть