16:58 11 января 2023

Дене тарбия жана спорт академиясы Беловодское айылындагы балдар үйүнө жардам көрсөттү

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун демилгеси менен уюштурулган «Балдарга кубаныч тартуулайбыз» акциясынын алкагында окуу жайдын студенттери, окутуучулары жана ректорат тарабынан балдар үйүндө тарбияланып жаткан көңүл бурууга муктаж балдар үчүн кийим-кече, тамак-аш жана оюнчуктар чогултулган.

Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, т.и.к., доцент С.Азизбаев баш болгон демилгечилер уюштуруу тобу менен жогорку окуу жайдын жетекчилери Э.Тоялиева, М.Тагаев, С.Кочкоров, Э.Бейшекеев Беловодское мектепке чейинки жетим жана ата-энесинен кароосуз калган балдар үйүнө белектерди тапшырышты.

Белектерди тапшыруу учурунда КМДТжСАнын өкүлдөрү тарбияланып жаткан балдардын жашоо-шарттары менен таанышып, алар менен келечекте кесип тандоо багытында жана республикада жалпы спорт тармагында, анын ичинде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири пикир алмашышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть