Кыргызстандагы инсанды өнүктүрүүнүн кыргыз-япон борборунун тең жетекчиси А.Азимов жана Киото университетинин профессору Т.Сома Ош технологиялык университетинде болушту.
Конокторду окуу жайдын ректору, доцент Ж.Турсунбаев кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу тууралуу макулдашышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Япониянын жогорку окуу жайлары менен билим берүү жана илим тармагында кеңири кызматташуу жөнүндө сөз болду. Мында билим берүүдө эл аралык деңгээлдеги иш-аракеттерге басым жасоо, эл аралык илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, эки тараптуу академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү ж.б. маселелер талкууланды.