20:44 20 января 2023

Окумуштуу Балтагул Нурунбетов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Тарых илимдеринин доктору, профессор Нурунбетов Балтагул Аттокурович III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Сыйлыкты президент Садыр Жапаров тапшырды. Балтагул Нурунбетов  көп жылдан бери Ош технологиялык университетинин коомдук илимдер кафедрасында эмгектенет.

Ал — КРнын эмгек сиңирген мугалими, бир нече мамлекеттик жогорку сыйлыктардын ээси, 150дөн ашык илимий эмгектин автору.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×

up

Закрыть Закрыть