20:40 20 января 2023

«Заманбап санарип колдонмо» сынагынын жеңүүчүсү болгон КМТУнун Мамлекеттик тил борбору сыйланды

2023-жылдын 18-январында Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган мамлекеттик тил күнүнө карата бир айлыктын жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чарасы Т.Абдумомунов атындагы Улуттук академиялык драмтеатрында өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин, Билим берүү жана илим министрлигинин, коомдук уюмдардын, фонддордун өкүлдөрү, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана ЖОЖдордун мамлекеттик тил боюнча адистери, окутуучулары жана мамлекеттик тил боюнча проректорлору катышты.

Иш-чарада айлыктын алкагында аткарылган иш-чаралардын мыктылары боюнча видеомаалымат көрсөтүлүп, фотокөргөзмө уюштурулуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында өткөрүлгөн республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

«Мыкты баяндамачы», «Көп тилдүү мугалим», «Заманбап санарип колдонмо», «Инновациялык усулдуктар» ж.б. сынактар өткөрүлүп, И.Раззаков атындагы КМТУнун С.Жусуев атындагы Мамлекеттик тил борборунун директору жана түзүүчүсү ф.и.к., доцент Жумакадырова Карлыгач Мамбетжумаевна жана магистранты Асанбаев Акоша Исраилович «Заманбап санарип колдонмо» сынагынын жеңүүчүлөрү катары атайын сыйлыктар жана ыраазычылык кат менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть