17:56 26 января 2023

ОшТУда ЖОЖдор аралык интеллектуалдык оюн өткөрүлдү

Жаштар арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алып, аларды болтурбоо жана адамдар ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдөө максатында ОшТУнун Интеллект өнүктүрүү борбору тарабынан Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринен куралган 20 команда катышкан интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.

Иш-чарада командалар берилген суроолорго жооп беришип, сынактын шартына ылайык талаптарды аткарышты. Мында негизинен жаштар арасында орун алып жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо, аларды чечүүнүн жолдору жана учурдун талабына ылайык билим берүүгө арналган суроолор берилди.

Оюндун жыйынтыгында 1-орунду ОшТУнун No name командасы, 2-орунду ОшМПУнун «Билим кемеси» командасы, ал эми 3-орунду КУУнун «АК-47» командасы камсыз кылышты.

Жеңүүчү командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть