17:13 27 января 2023

ОшТУда окуучулар арасында сынак болуп өттү

Ош технологиялык университетинде 9-11-класстардын окуучулары арасында сынак болуп өттү.

«Үй-бүлөлүк бюджетти сарамжалдуу пайдалануу: Кыргыздын тойлорун жана үрп-адаттарын ыраатташтыруу боюнча ойлор жана толгоолор» аттуу эссе сынагы экономика жана башкаруу факультетинин экономика жана финансы кафедрасы тарабынан уюштурулуп, жыйынтыгы чыгарылды. Бул сынак ысырапкорчулукту жоюу, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана үй-бүлөлүк бюджетти сарамжалдуу пайдалануу максатында өткөрүлүп, Ош шаарынан жана райондордон мектеп окуучулары катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду «Билим» лицейинин окуучусу Молдошбеков Ханмырза, 2-и орунду №33 С.Алыкулов атындагы мектебинин окуучусу Токтосинова Сезимгүл, ал эми 3-орунду №29 И.В.Панфилов мектеп-гимназиясынын окуучусу Шукуркулова Муслимай камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть