17:14 27 января 2023

ОшМУнун медклиникасында хирургия бөлүмү ачылды

ОшМУнун медициналык клиникасындагы хирургия бөлүмүнүн жана операция жасоочу блогу ачылды.

Окуу жайдын медициналык клиникасынын операциялык блогунда мындан ары операциялардын бардык түрү, онкологиялык оорулар үчүн да операциялар жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган. 2022-жылдын декабрь айында клиника үчүн окуу жай тез жардам унаасын да сатып алган.

ОшМУнун медициналык клиникасында 4 бөлүм бар. Амбулатордук диагностикалык бөлүмдө 2021-жылы 13 292 бейтап кароодон өткөн болсо, 2022-жылы 29 миңге жакын мугалим, студенттер жана бейтаптар, медициналык кароодон өткөн. Терапия бөлүмүндө 10 күндүк стационардык дарылануудан 1500 бейтап дарыланган. 2022-жылдын октябрь айында ачылган стоматология бөлүмүнө 512 бейтап кайрылган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть