17:18 27 января 2023

ОшМУда тез жардам кызматы иштеп баштады

Ош шаарынын тургундарынын тез жардам кызматына болгон муктаждыктарын чечүү жана шаардагы тез жардам кызматына көмөктөшүү максатында ОшМУнун медициналык клиникасына тез жардам унаасы сатылып алынды.

Тез жардам унаасы заманбап акыркы үлгүдөгү медициналык шаймандар, каражаттар менен жабдылган. Медициналык клиника тез жардам унаасын сатып алуу менен толук кандуу көп тармактуу медициналык кызматты жолго койду.

Тез жардам кызматы азырынча эрте мененки 8ден кечки 4кө чейин иштеп жатат. Февраль айынан тартып күнү-түнү иштөөгө өтөт.

Медициналык клиниканын тез жардам кызматынын байланыш номери: 0770143143, 0990143143.

ОшМУнун медициналык клиникасы мурунку ректор Каныбек Исаковдун демилгеси менен курулуп, 2014-жылдын 24-ноябрында ачылган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть