17:20 27 января 2023

Чет өлкөлүк окутуучулар менен ОшМУнун QS рейтингине кирүүдөгү ролу талкууланды

25-январда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университетте иштеп жаткан чет өлкөлүк окутуучулар, ыктыярчылар менен жолугушту.

Жолугушууда алардын миграциялык, укуктук, документациялык, турак жай жана башка маселелер боюнча көйгөйлөрүн угуп, чечүүгө көмөктөшөрүн айтты.

Ошондой эле чет өлкөлүк окутуучулардын, ыктыярчылардын ОшМУнун QS рейтингине кирүүдөгү алардын ролу талкууланды. Буга байланыштуу окуу жайдын улуттук жана эл аралык рейтинг бөлүмүнүн башчысы Максат Тотобаев университеттин QS рейтингине киришине чет өлкөлүк окутуучулардын таасири боюнча маалымат берди. Катышуучулар окуу жайды алдыда дагы өнүктүрүү боюнча сунуш-пикирлерин айтышты.

Иш-чарага АКШ, Кытай, Корея, Япония, Пакистан, Индия жана Түркия сыяктуу 10го жакын өлкөнүн жарандары катышты.

Жолгушууну университеттин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү уюштурду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть