27-29-январь күндөрү бокс боюнча 2005-2006-жылдары төрөлгөн жаштар арасында Ош шаарынын ачык чемпионаты өткөрүлдү.
Спорттук мелдеште 75 кг салмакта ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенти Садырбеков Бектемир 1-орунга ээ болду. Спортчуну ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев куттуктап, мындан ары окуу жайдын намысын коргоодо ийгиликтерди каалап, ар дайым окуу жай тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.