17:36 6 февраля 2023

ОшМПУнун окутуучулары Казанда өз билимдерин жогорулатышты

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене тарбия жана музыка адистиги боюнча 24 окутуучу Казань федералдык университетинин Елабуга институтуна барып, өз квалификациясын жогорулатып, тажрыйба алмашып кайтышты.

Окутуучулар 11-январдан 27-январга чейин атайын курстан өтүшүп, түрдүү семинар-тренигдерге катышуу менен жаңы инновациялык методдорду үйрөнүштү. Мында Елабуга институтунун окутуучулары музыка, педагогика, психология багытында интерактивдүү сабактарды өтүп, өздөрүнүн окутуудагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

2 жума бою улам жаңы маалыматтарды алып, жаңы усулдарды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алган окутуучулар бул сапардын ийгиликтүү болгонун белгилешти.

«Биз барганда алгач институттун өкүлдөрү кичипейилдиги, сылыктыгы менен жылуу тосуп алышты. Сабактар өтө пунктуалдуу өтүлүп, кечигүү жокко эсе болду. Заманбап санариптештирүүнү сабакта колдонуунун бир топ жаңы үлгүлөрү менен тааныштык. Аны менен катар бала бакчаларга, мектептерге барып, эл аралык музыкалык жетекчилердин аймактар боюнча аткарган кызматы менен таанышып чыгууда абдан көп идеялар жаралды. Көп сандагы окутуучуларга шарт түзүп, бардык чыгымдарды көтөргөн окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык айтам», - деп билдирди Жамийла Усубалиева.

27-январь күнү курс жыйынтыкталып, окутуучуларга квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттарды тапшыруу аземи болду. Мында кыргыз элинин маданиятын даңазалоо максатында фольклордук концерт коюлуп, кыргыз жана татар элдеринин биргелешкен концерттик программасы тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть