20:54 10 февраля 2023

Япония мамлекетинин Цукуба университетинин өкүлдөрү ОшТУда болду

Япония мамлекетинин Цукуба университетинин жана кыргыз-япон инсанды өнүктүрүү борборунун өкүлдөрү Ош технологиялык университетинде болушуп, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Япониянын жогорку окуу жайлары менен билим берүү жана илим тармагында кеңири кызматташуу жөнүндө сөз болду. Мында билим берүүдө эл аралык деңгээлдеги иш-аракеттерге басым жасоо, эл аралык илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, эки тараптуу академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү жана башка маселелер талкууланды.

Кыргыз-Япон борбору менен ОшТУнун ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык жүргүзүлүп жаткан иштер мындан ары дагы кеңейтилген масштабда улантылмакчы. Бул багытта ректор Ж.Турсунбаев ОшТУ менен Япония мамлекетинин жогорку окуу жайларынын ортосунда эл аралык билим берүү менен биргелешип кадр даярдоо маселелери коюлуп жаткандыгын билдирди. Азыркы күндөгү заман талабынын эң жогорку адистиктеринин бири болгон курулуш багытында адистерди даярдоо боюнча эки тараптуу келишимдер түзүлмөкчү.

2023-жылдын 8-февраль күнү Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлары үчүн «Японияда окуу 2023» жарманкеси өткөрүлдү. Кыргыз-Япон инсанды өнүктүрүү борборунун тең директору Иваи Ацуму, Япониянын Цукуба университетинин эл аралык бөлүмүнүн атайын дайындалган профессору Ито Хиронори, Цукуба университетинин эл аралык бөлүмүнүн кызматкери Яхиро Татьяна жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүшүп, бул иш-чаранын максаттарын белгилешти. Ярмаркада Япония мамлекетине барып окууну каалагандар үчүн кеңири маалыматтар берилмекчи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть