20:59 10 февраля 2023

ОшТУда Сежоң корей борбору жаңы студенттерди кабыл алды

Ош технологиялык университетинде Корей борборунун жазгы семестринин ачылуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага окуу жайдын жалпы жамааты, Корей борборунун окутуучулары, студенттер жана мектеп окуучулары катышышты. Корей тилиндеги ырлар жаңырып, корей маданиятын чагылдырган бийлер бийленип, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты. Корей борборунун жамааты тарабынан университет жетекчилигине ыраазычылык айтылды.

Окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, доцент Мамытов Улукбек куттуктоо сөзүндө корей тилин үйрөнүүчүлөргө ийгиликтерди каалады.

Кабыл алуунун жыйынтыгында жалпы 222 студент катталып, алардын ичинен 161 мектеп окуучусу (8-9-10-11-класстар) жана 61 студент (Ош шаарындагы ЖОЖдун студенттери) катталышты. Катталуучулар менен маектешүү корей тил мугалимдери тарабынан кыргыз, орус, англис тилдеринде жүргүзүлүп, 100 студент (мектеп окуучулары жана студенттер) тандалып алынды.

Корей борбору окуу жайда мындан бир топ жыл мурун ачылып, корей тилин студенттерге, окуучуларга үйрөтүүдө көптөгөн иштерди жүргүзүп келет. Борбордо билим алып жаткан студенттер тил үйрөнүү менен гана чектелбестен, ал улуттун маданиятын дагы кошо үйрөнүшүүдө. Бул борбордон билим алган студенттер республикалык ыр сынактарда бир нече жолу жеңүүчү болуп, байгелүү орундарды камсыз кылышкан. Ошондой эле бул борбор аркылуу студенттер Түштүк Корея мамлекетине мобилдүүлүк программасы боюнча билимдерин улантып жатышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть