21:00 10 февраля 2023

ЖАМУнун студенти Тюменде билим алууда

ЖАМУнун медициналык факультетинин фармация адистигинин 2-курсунун студенти Мамасадыкова Гүлсүн Тюмен мамлекеттик медициналык университетине эки тараптык келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2022-2023-окуу жылынын жазгы семестринде окууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу эл аралык байланыштар бөлүмүнөн кабарлашты.

«Академиялык мобилдүүлүк – бул студенттердин (магистранттардын) же окутуучулар жана изденүүчүлөрдүн билим алуу үчүн же илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн аныкталган бир академиялык мезгилге (семестр же окуу жылы) башка жогорку окуу жайына (өлкөнүн ичиндеги же чет өлкөдөгү), өздөштүргөн билим берүү программаларын кредиттер түрүндө өзүнүн ЖОЖунда же башка ЖОЖдо окуусун улантуу үчүн милдеттүү түрдө эсепке алуу (таануу) менен, орун которуу болуп саналат», - дейт фармация кафедрасынын башчысы Бактыгүл Осмонова.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть