21:02 10 февраля 2023

ОшТУда экономика багыты боюнча магистранттардын илимий-практикалык семинары өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде экономика багыты боюнча магистранттардын илимий-изилдөө иштеринин аткарылышы жана илимий-педагогикалык практикаларды өтүүсү боюнча илимий-практикалык семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага ОшТУнун магистратура бөлүмүнүн башчысы, профессор М.Атакулова, экономика багыты боюнча магистранттардын илимий-педагогикалык практикасынын жетекчилери, бул багыт боюнча билим алып жаткан магистранттар катышышты.

Семинардын негизги максаты магистранттардын окуу мезгилинде өздөрү тандап алган тема боюнча аткарган иштери, алардын эл чарбасына жана өндүрүшкө тийгизген таасирлерин анализдеп чыгып, жыйынтыгын жетекчилик менен бирге талкууга алып чыгуу болуп эсептелет. Бул аракет менен магистранттардын аткарган иштерин талкуулоо менен гана жыйынтыктап койбостон, мындан ары да илимий ишмердүүлүктөрүн улантууга мүмкүндүк берүү ишке ашырылмакчы.

Кыргызстан эл аралык билим берүү деңгээлинде эки баскычтуу билим берүү системасын колдонуп келет. Мында негизги билимди алган соң, каалоочулар калган эки жылын магистратурадан улантышат жана бүтүрүүчүлөр үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө жол ачып берет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть